Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Тоолуу райондордо сел коркунучу сакталууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Мекеменин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянып билдиришинче, 4-5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулган.

Август айынын башында Түп районундагы Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан 150дөй үйдү, короону топон суу каптаган, көпүрөлөр, чарбалык жолдор бузулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG