Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Еврокомиссия: Масктын аракеттери орус пропагандасына көмөктөшүүдө


Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү, "Твиттердин" ээси Илон Маск. 16-июнь. 2023-жыл. Франция.
Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү, "Твиттердин" ээси Илон Маск. 16-июнь. 2023-жыл. Франция.

Америкалык миллиардер Илон Масктын X (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнүн башчылык кызматындагы аракеттери орус пропагандасын жайылтууга жардам берип жатат. Бул тууралуу Европа комиссиясы жарыялаган баяндамада жазылат.

Ага ылайык, 2022-жылы Европада Кремль колдогон аккаунттардын аудиториясы өсүп, алардын таасиринин жайылышы кеңейген. Эгер убагында Евробиримдик санарип коопсуздугу тууралуу мыйзамды кабыл албаса, 2023-жылы Маск киргизген өзгөртүүлөрдөн улам алардын саны дагы өсмөк экени белгиленген.

25-августта Евробиримдикте санарип коопсуздугу тууралуу мыйзам күчүнө кирген. Ал социалдык тармактарды жалган маалымат пайда болуу тобокелчилигин алдын ала баалап, жайылышына жол бербөөгө милдеттендирет.

Документте ошондой эле Instagram, Facebook жана Телеграм мессенжери да сынга кабылган.

Маск Еврокомиссиянын баяндамасына реакция жасай элек. Твиттерди сатып алардын алдында ал бул социалдык тармакты сөз эркиндигин олуттуу чектеген эрежелери үчүн сынга алып келген.

Кийин өзү Твиттердин башына келгенде контентти модерациялоону кыскарткан. Июнь айында France 2 телеканалына берген маегинде социалдык түйүн Евробиримдиктин талаптарын аткарарын айткан эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG