Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Буш: Саакашвилиге түрмөдө жасалган мамиле жүрөктү оорутат


АКШнын 43-президенти Жорж Буш, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили. 25-февраль, 2004-жыл. Вашингтон.
АКШнын 43-президенти Жорж Буш, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили. 25-февраль, 2004-жыл. Вашингтон.

Кошмо Штаттардын 43-президенти Жорж Буш Тбилисиде 4-сентябрда башталган «Путинизмди жеңүү» эл аралык конференциясынын катышуучуларына кайрылуу жасады. Экс-президенттин катын жыйындагыларга АКШ Мамкатчысынын мурдагы жардамчысы, Жорж Буш атындагы институттун директору Дэвид Крамер окуду.

Буштун айтымында, Украинадагы согуштун жыйынтыгы дүйнөдөгү, анын ичинде Грузиядагы демократия менен эркиндикке зор таасирин тийгизет.

Ал ошондой эле грузин өкмөтүнүн демократиялык баалуулуктарга болгон мамилеси суроо жаратарын кошумчалаган.

«Мен тааныган, үчүнчү президентиңерге түрмөдө жасалып жаткан мамилени көргөндө жүрөгүм ооруйт. Өлкөңөрдө Орусиянын таасири өсүп жатышы көбүн тынчсыздантууда», - деген Буш.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы Киев жеңсе, Грузия менен Молдованын аймактык бүтүндүгү калыбына келерин айткан.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили учурда Тбилисидеги жеке клиникалардын биринде катуу кайтарууда дарыланып жатат. Ал 2021-жылы кармалып, алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Саакашвили өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинин саясий мүдөөсү бар экенин айтып, бул үчүн Грузия бийлигин жана Орусиянын президенти Владимир Путинди айыптап келет.

Маккейн атындагы эл аралык лидерлик институту, Жорж Буш институту жана Экономикалык саясатты иликтөө борбору уюштурган эки күндүк жыйын быйыл жетинчи жолу өтүп жатат. Тблисидеги иш-чарага катышуудан грузин өкмөтүнүн өкүлдөрү эки жылдан бери баш тартып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG