Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Ош-Эркечтам жолундагы кырсыктан төрт киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош-Эркечтам жолундагы төрт кишинин өмүрүн алган кырсык 3-сентябрда болгонун Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) билдирди. Маалыматка караганда, Оштон Алай районун көздөй багыт алган "Honda Accord" үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу машине кагышкан. Оор жүк ташуучу унаадагы эки адам алган жараатынан ооруканага түшсө, жеңил машинедеги төрт жаран көз жумган. Алардын арасында өспүрүм кыз бар экенин облустук жол кайгуул кызматынан "Азаттыкка" билдиришти.

Кырсыктын себептери так айтылган жок.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда жыл башынан берки алты айда үч миңден ашуун автокырсык катталып, анын 820сында балдар жабыркаган.

Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза тапкан, анын 38и балдар. Ж

13-августтун түнү Тоң районунда сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Каза болгондордун экөө жаш балдар. (DSh/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG