Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:38

"Мен алсызмын, бирок эрктүүмүн". Абактагы Саакашвилинин абалы


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Тбилиси шаардык сотуна видеобайланыш аркылуу катышып жатат. Видеодон алынган кадр. 3-июль, 2023-жыл.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Тбилиси шаардык сотуна видеобайланыш аркылуу катышып жатат. Видеодон алынган кадр. 3-июль, 2023-жыл.

Грузияда алты жылга кесилип, учурда Тбилисидеги жеке клиникада катуу кайтаруунун алдында дарыланып жаткан экс-президент Михаил Саакашвилинин абалына анын тарапташтыры тынчсызданууда. Украин президенти Владимир Зеленский Тбилисини өтө арыктап, алдан тайган оппозициялык саясатчыны токтоосуз Киевге өткөрүп берүүгө чакырды.

Өңдөн азып, кабыргалары саналган саясатчы

Михаил Саакашвили быйыл февралдан бери биринчи жолу эл алдына чыкты. Грузиянын үчүнчү президенти 3-июлда өткөн сотко видеобайланыш аркылуу катышты.

2007-жылдын 7-ноябрындагы акцияны күч менен таркатуу боюнча иш каралып жаткан сот жараянында Саакашвили күнөөсүз экенин кайталап, өзүн ушундай абалга жеткиргени үчүн бийликти, парламент төрагасын андан, үй-бүлөсүнөн жана жалпы грузин элинен кечирим суроону талап кылды. Видеодон ал абдан арыктап, өңдөн азып кеткенин көрүүгө болот.

"Мен ар бир тарапташыма айткым келет. Азыр бизге биримдик жана күч керек. Биз күчүбүздү көрсөтүшүбүз зарыл. Анткени Грузиянын коркок бийлиги өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат", - деген Саакашвили азыркы өң-келбетине карабай эрки күчтүү экенин кошумчалады.

"Мен алсызмын, бирок эрктүүмүн" Саакашвилинин абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Анын тарапташтары Саакашвилинин азыркы абалы грузин бийлиги анын көзүн тазалоону көздөп жатышынын дагы бир далили экенин билдиришти. Грузиядагы оппозициячыл "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" төрагасы Леван Хабеишвили бийликти Саакашвилиге европалык дарыгерлерди киргизбей жатканы үчүн сынга алды.

"Бүгүн Грузиянын калкы дагы бир ирет мурдагы президенттин акыбалы кандай экенин көрдү. Аны террорчу Путиндин тапшырмасы менен Бидзина Иванишвили камакта кармап жатат. Бир нече айдан бери Михаил Саакашвилиге Евробиримдиктин миссиясын киргизүүнү талап кылып келебиз. Мен польшалык дарыгерлер тууралуу айтып жатам. Бирок алар уруксат бербей келет", - деди ал.

Михаил Саакашвили 2015-жылы украин жарандыгын алып, Украинада бир катар жогорку деңгээлдеги кызматтарды ээлеген. Анын соттогу абалын көрүп, Украинанын президенти Владимир Зеленский грузин бийлгин Саакашвилини Киевге өткөрүп берүүгө дагы бир ирет чакырды.

"Бүгүн дүйнө кезектеги жолу Орусия грузин өкмөтүнүн колу менен Украинанын жараны Михаил Саакашвилини өлтүрүп жатканына күбө болуп турат. Адамдын өмүрү - бул эң баалуу нерсе, Михаилди жөн эле жок кылып коюуга жол бере албайбыз. Украина Грузия бийлигин бул коом алдындагы дарга асууну токтотууга бир нече ирет чакырган. Биз жана биздин өнөктөштөрүбүз Михаилди куткаруунун ар түрдүү жолдорун сунуштаганбыз. Бүгүн Украинанын тышкы иштер министрине Грузиянын Украинадагы элчисин чакыртып, нааразылык билдирүүнү тапшырдым. Ошондой эле өз өлкөсүнүн бийлиги менен кеңешүү үчүн жакынкы 48 сааттын ичинде Украинадан чыгып кетүүнү сунуштайм. Дагы бир ирет Грузиянын бийлигин Украинанын жараны Михаил Саакашвилини Украинага дарылануу жана өзүнө келүү үчүн өткөрүп берүүгө чакырам".

Мындан кийин Грузиянын Тышкы иштер министрлиги экс-президент Михаил Саакашвили тууралуу Украинанын талабын "ички ишке кийлигишүү" деп атады.

Мекеме тараткан маалыматта "Тбилиси украин бийлигинин аракеттерине терең камтамачылык билдирет. Киевдин кадамы эки өлкөнүн стратегиялык мамилелерине каршы багытталган" деп жазылган.

Михаил Саакашвили 2021-жылдын апрель айында "Азаттыктын" кыргыз кызматына курган маегин бул жерден көрүңүз:

Кайрадан саясатка умтулган Саакашвили

Саясий процесстерге катышуу ниетин Михаил Саакашвили дүйшөмбүдө сотто видеобайланыш аркылуу айтты. Ал бийликти ачык дебатка чакырды.

"Эмнеге силер ачык сүйлөшүүдөн качасыңар? Мага ачык дебаттарга катышууга мүмкүнчүлүк бергиле. Ошондо силердики туурабы же меникиби эл чечет. Кааласаңар темир билерик кийгизип койгула. Сот шартында эмес, ачык сүйлөшөлү", - деди ал.

2004-2013-жылдары Грузиянын башында турган Саакашвили "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген кине менен алты жылга эркинен ажыратылган. Ал камакка алууну тарапташтары менен бирге саясий куугунтук деп атап келет.

Ошондой эле Саакашивилиге мамлекеттик ири көлөмдөгү каражатты ыксыз короткон, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн деген айыптар тагылууда. Бул иштер учурда сотто каралып жатат.

Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрү жана анын адвокаттары бир нече айдан бери Саакашивилинин саламаттыгы күндөн күнгө начарлап баратканын эскертүүдө. Ал былтыр майдан бери Тбилисидеги жеке клиникада, катуу кайтарууда дарыланууда.

Ал 2021-жылдын октябрь айында камалгандан бери түрмөдө бир нече ирет ачкачылык кармаган.

Саакашвилинин юристтери ишендиргендей, саясатчыны камакта оор металлдар менен ууландырышкан. Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү өкмөттүн дарегине айтылган мындай дооматтарды четке кагып, Саакашивили дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткарбай, жакшы тамактанбай, атайын ушундай жолго барып жатканын белгилешүүдө.

Евробиримдик дагы Саакашвилинин саламаттыгынын начаралашы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Европарламенттин депутаттары да өз пикирилерин билдиришти. Анна Фотыга Твиттерге Саакашвилинин соттогу сүрөтүн жарыялап, "нес кылат" деп жазды.

55 жаштагы саясатчы камалган үч жылдан бери анын тарапташтары жана оппозиция активисттерди бир нече жолу Саакашвилинин бошотулушун талап кылып, ири акцияларды өткөрүштү.

Михаил Саакашвили 2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабынан" кийин бийликке келген. Ал 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинага келген жана 2015-жылы грузин жарандыгынан баш тартып, Украинанын Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG