Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Саакашвили: Митингди ФСБ уюштурган


Михали Саакашвили. Грузиянын экс-президенти.
Михали Саакашвили. Грузиянын экс-президенти.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сотто 2007-жылы митингди күч менен кууп тараткан окуя боюнча көрсөтмө берди.

Ал башаламандыкка алып келген каршылык акциясын олигарх Бадри Патаркацишвили аркылуу Орусиянын атайын кызматтары уюштурганын билдирди. Ага тынч митингге күч колдонууга жана “Имеди” телеканалын басып алууга буйрук берген деген айып тагылган.

ФСБ, Лукашенко, олигарх уюштурган митинг

Грузиянын Башкы прокуратурасы экс-президент Михаил Саакашвили 2007-жылы президент болуп турганда Тбилисидеги нааразылык акциясын күч колдонуп, кууп таркатууга жана көз карандысыз "Имеди" телеканалын басып алууга жеке буйрук берген деген кине койгон. Сотто экс-президент Михаил Саакашвили ошол кезде Александр Лукашенко берген маалыматка таянып, каршылык акцияны орусиялык ФСБ уюштурганын билдирди:

"ФСБнын үч генералы ал жакка барган. Беларуста жолугушуу болгон. Бул Лукашенконун сөзү. Патаркацишвили менен ошол жолугушуудан кийин Путин Лукашенкого аны Грузиянын кийинки президенти катары тааныштырган. Бул 2007-жылдын сентябрь айында болгон. Ошондон кийин Грузияда Патаркацишвили каржылаган ири каршылык иш-чаралары уюштурула баштаган. Патаркацишвилинин акчасы толук Орусиянын акчасы болгон. Бул эми “Орусиянын кандай тиешеси бар дегендерге”, - деди Михаил Саакашвили.

Мамлекеттик айыптоонун Саакашвилиге дооматы

Сотто мамлекеттик айыптоочулар экс-президент Михаил Саакашвили жана анын кол астындагыларга кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана ыйгарым укугунан аша чабуу беренелеринин негизинде тагылган айыптоо корутундусун окуду. Прокурорлор кийинки сот отурумдарында дагы экс-президентке олуттуу суроолор бар экенин айтышты.

Тбилиси. Экс-президент Саакашвилиге каршы жүрүп жаткан сот жараяны.
Тбилиси. Экс-президент Саакашвилиге каршы жүрүп жаткан сот жараяны.

"Биз мамлекеттик айыптоочу катары бул ишти аягына чыгарабыз. Бул соттук отурумда болбосо, кийинкисинде Михаил Саакашвилиге өзүнө тиешелүү суроолорго сөзсүз жооп берүүгө туура келет. Бул - 7-ноябрдагы митингге күч колдонуп, кууп таркатуу жана ага каршы армияны мыйзамсыз колдонуу маселеси. Ошол күнү Михаил Саакашвили тынч демонстранттарга күч колдонууга жеке буйрук берген. Ошол эле учурда "Имеди" телекомпаниясын басып алуу жана Патаркацишвилинин үй-бүлөсүнүн мүлкүн конфискациялоо жүргөн", - деди прокурор Жаржи Циклаури.

Саакашвили президент кезинде 2007-жылы 7-ноябрда Тбилисиде анын бийликтен кетүүсүн талап кылган оппозициянын митинги башталган. Полиция митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ менен суу аткычтарды колдонуп, ортодо кагылыш болгон. Бул окуяны олигарх Бадри Патаркацишвилиге таандык оппозициялык “Имеди” телеканалы түз эфирде чагылдырган. Полиция телекомпаниянын кеңсесине кирип келип, эфирди өчүргөн. Башаламандыктан 600гө чукул адам жаракат алган. Алардын арасында тартип сакчылары да бар. Буга байланыштуу өлкөдө 11 күнгө өзгөчө абал жарыяланган.

Далилдер чабал жана жетишсиз

Саясат таануучу Гия Хухашвили Саакашвилиге коюлган айыптоо боюнча далилдер чабал экенине токтолду:

"Бир жагынан бул айыптоолор боюнча прокуратура бир топ чабал далилдерди топтогон. Бүгүн биз прокуратура өз позициясын таза документалдык далилдер менен чыңдабастан, саясий билдирүүлөрдү жасоого көп маани бергенин көрдүк. Эми аларда далил базасы боюнча маселе чыгышы мүмкүн. Албетте, кыйыр далилдер болсо керек. Бирок, Саакашвили окуяны телевизордон байкап турганын, бардык чечимдерди ошол кездеги ички иштер министри кабыл алганын айтты. Мурдагы министр болсо бул иш боюнча жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн. Ошондуктан Саакашвилинин ага буйрук бергенин далилдөө оңой эмес", - деди саясат таануучу.

Тбилисидеги соттун алдында 29-ноябрда Саакашвилинин тарапкерлери полиция менен кагылышты. Аны колдоо үчүн келген тарапкерлери бийлик сотко киргизбей койгонуна нааразы. Алар жолду бир нече саатка бөгөп турду. Бул тополоңдон 15 адам кармалганы кабарланды. Алардын көбү сот бийлигинин көз карандысыздыгына ишенбей турганын айтышты.

“Коомдо азыркы сот тутумуна ишеним жок, болсо да аз. Ошондуктан биз бийликтен адилеттүү сот тутумун түзүүнү талап кылуубуз керек. Анын ичинде жараяндарды эл аралык соттордун катышуусу менен кароону да талап кылуу зарыл. Ошондо Саакашвили айыпталып жаткан сыяктуу саясий иштерди объективдүү кароого мүмкүнчүлүк болот эле" , - деди митингчилердин бири Леван Бежашвили.

Михаил Саакашвили ката кетирген болушу мүмкүн экенин, бирок эч качан кылмыш кылбаганын белгиледи. Негизги каталарынын бири катары эки тизгин, бир чылбырды колдо кармап турган кезде грузин сотун батыл реформалоого үлгүрбөй калганын атады. Сот жараянынан кийин Михаил Саакашвили кайрадан Гори шаарындагы аскердик госпиталга жеткирилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG