Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Думада Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен Орусияда иштөөгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Долбоордун түшүндүрмөсүндө айдоочу болуп иштөөгө бир гана Орусиянын күбөлүгү барларга уруксат берилери каралган. Бул тууралуу орусиялык ТАСС агенттиги жазды.

“Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдын азыркы редакциясында Кыргызстандын жана орус тили расмий тил болуп саналган башка өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында такси жана автобус айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берилген. Мыйзам долбоорунун авторлору бул ченемди мыйзамдан алып салууну сунушташууда.

Демилгечилер соңку жылдары Орусияда чет өлкөлүк күбөлүгү бар айдоочулардын айынан жагымсыз жагдай түзүлгөнүн белгилешкен. Анда Орусиянын ИИМинин маалыматына таянып, чет өлкөлүк айдоочулардын айынан 43 миң жол кырсыгы катталганы айтылат.

"ИИМдин дагы бир маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын көбү Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Армениянын жана Азербайжандын жарандарынын айынан болот”, - деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда жашап иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон көп. Ал жактагы такси кызматтарында иштегендердин көбү кыргыз жарандары экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG