Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

"Жунхай" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыкты


“Жунхай” базарынын соодагерлери. 4-сентябрь, 2023-жыл.
“Жунхай” базарынын соодагерлери. 4-сентябрь, 2023-жыл.

Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери кампаларын ачуу талабын коюп, иш ташташканын билдирди. 4-сентябрда нааразылык акцияга чыккан соодагерлердин бири Аиза Рысбекованын айтымында, Мамлекеттик салык кызматынын адистери бир апта мурун товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткен.

“Кампада турган товардын жалпы наркынан 10% салык катары төлөгүлө деп атат. Бирок бул биз үчүн көп чыгым. 30 жылдан бери бизге товарлар кара базардан келет. Анын үстүнө биздин товарларды жакынкы Казакстан жана Орусия гана алат. Ишибиз мурдагыдай жүрүп жаткан жери жок. 10% төлөй албайбыз, кампаларыбызды ачып берсин”, - деди Аиза Рысбекова.

Айрым ишкерлер кампалары эки айдан бери ачылбай турганын, 1 миллион сомдон ашык салык төлөп ачтырышканын айтышты. Чогулгандар Салык кызматынын адистеринин келишин талап кылышууда.

“Жунхай” базарынын соодагерлери. 4-сентябрь, 2023-жыл.
“Жунхай” базарынын соодагерлери. 4-сентябрь, 2023-жыл.

“Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Салык кызматы менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтты.

“Товар сакталган 800 контейнер жабылган. Салык кызматы товар кайдан, кандай баада келгенин көргөзгүлө деп талап кылууда. Бирок биздин соодагерлердин андай кагаздары жок”, - деди Дөөлөталиева.

“Дордой”, “Жунхай” базарларынын соодагерлери буга чейин да нааразылык акцияга чыгышкан. Алар патент системасын калтырууну, салыктын наркын көтөрүүнү токтотууну талап кылышкан

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТН) түрү болушу шарт. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалымат системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG