Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Азимбек Бекназаровдун баракчасын ачкан жаран кармалганы кабарланды


иллюстрация.
иллюстрация.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалыматтарды таратууга" айыпталып, Нишанбай Иманкулов аттуу жаран кармалганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 5-сентябрда Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров билдирип, кармалган жаран анын өкүл баласы экенин ырастады. Аны атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгы кармап, учурда Жалал-Абадга алып баратканын билдирди.

“Бул эч кандай фейк аккаунт эмес, анда атамдын (ред.: - Азимбек Бекназаровдун) өзүнүн жазган билдирүүлөрү жарыяланат. Буга Иманкуловдун эч кандай тиешеси жок. Болгону бир учурда аккаунт ошонун номуру аркылуу катталып калган экен. Кийин ал баракчаны колдонгон эмес, билдирүүлөрдү да ал чыгарбайт”, - деди Бекназаров.

Жалал-Абад шаардык тергөө сотунун токтому экени айтылган документтин сүрөтү интернетке жарыяланды. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) негизинде кылмыш иши козголгону, 1998-жылы туулган Иманкуловдун үйүн тинтүүгө алууга уруксат берилгени жазылган.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат бере элек.

Бир күн мурда, 4-сентябрда Азимбек Бекназаровдун моралдык басымга туш болуп жатканы тууралуу билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

Саясатчы анда өзү менен чогуу Кубанычбек Кадыров, Жеңиш Молдокматов шарты өтө начар жер төлөгө которулганын айткан. Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, алар отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранган.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын адам 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Учурда бул иш боюнча кармалгандардын 11и абакта.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG