Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттө тестиер бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук айылындагы Кайназаров көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен сегиз жаштагы бала чарчап калды.

Бул туууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык тууралуу 5-сентябрдын таңында маалымат берилип, тилсиз жоо саат 10до өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган бала каза тапкан. Тилсиз жоонун себептери жана башка жабыркаган адамдардын бар-жогу айтылган жок.

Мекеменин маалыматында, өткөн суткада өлкө боюнча алты өрт кырсыгы катталды.

Өткөн жыл ичинде Кыргызстанда 3194 өрт кырсыгы катталып, анда 30 адамдын өмүрү кыйылган. Материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG