Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияга директор болду


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков ырастады.

Мындай чечимди 5-сентябрда директорлор кеңеши кабыл алганы айтылды. Буга чейин бул кызматта Аида Төлөгөнова отурган.

Алмамбет Шыкмаматов быйыл январь айында “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматтан 5-сентябрда кеткени белгилүү болду.

Алмамбет Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG