Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Аэропорттун кызматкерлери алтын аткезчилигине көмөктөшкөн деп шек саналууда


Аткезчилик мене ташылып бараткан алтын. УКМКнын сүрөтү.
Аткезчилик мене ташылып бараткан алтын. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандан алтын буюмдарын аткезчилик жол менен чыгарып жүргөндөр кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, шектүүлөр алтын буюмдарын Индияга мыйзамсыз ташып жүрүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, 3-сентябрда Кыргызстандын К.Н. аттуу жараны “Манас” эл аралык аэропортунан Индияга учууга аракет кылганда кармалган. Анын жанынан салмагы 3 килограмм 985 грамм алтын буюмдар табылган. Аларда расмий документтер болгон эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган айрым жарандар атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Бул ишке катышы бар деген негизде “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын эки кызматкери, дагы эки жаран кармалган.

Тергөө иштери уланууда.

УКМК быйыл май айында Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз ташыган каналга бөгөт коюлганын билдирген.

Былтыр жыл соңунда Стамбул - Ош каттамы менен учуп келген Өзбекстандын эки жараны зер буюмдарды аткезчилик менен ташууга айыпталып кармалган. Шектүү 7, 7 млн сомго жакын зер буюмдарды бут кийимдердин таманына катып өтүүгө аракет кылганы тууралуу маалымат берилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG