Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Орус армиясы Запорожьенин 26 шаар-кыштагына сокку урду


Запорожьенин Малая Токмачка айылындагы үйлөрдүн биринен тартылган сүрөт.
Запорожьенин Малая Токмачка айылындагы үйлөрдүн биринен тартылган сүрөт.

Орус армиясы акыркы бир суткада Украинанын Запорожье облусундагы 26 шаар жана кыштакка 88 жолу сокку урду.

Бул тууралуу 5-сентябрда эртең менен облустук аскер администрациясынын башчысы Юрий Малашко билдирди. Жергиликтүү бийлик аткылоодо Малая Токмачка айылында 74 жаштагы аял каза болгонун, 47 турак жай талкаланганын маалымдады.

Орехово, Преображенец, Степногорск, Новодаровка, Малый Щербак, Степное калктуу конуштары 80 жолу артиллериялык чабуулга, дрон соккуларына кабылганы айтылууда.

Шейшембиде расмий маалыматтарда Донецк облусундагы чабуулдарда эки жайкын тургун жараат алганы, Херсондогу калктуу конуштарга сокку урулганы айтылат.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов эки авиабомба Изюм жана Чернещина райондорунда балдар бакчасы менен мектепти талкалаганын билдирди.

Далилдерге карабай Орусия Украинанын калктуу конуштарына чабуул коюлганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана сокку урулуп жатканын белгилейт.

XS
SM
MD
LG