Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

Түркиядагы мигранттардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды


Кыргызстан менен Түркиянын акыйкатчылары Жамиля Жаманбаева жана Шереф Малкоч.
Кыргызстан менен Түркиянын акыйкатчылары Жамиля Жаманбаева жана Шереф Малкоч.

Кыргызстан менен Түркиянын акыйкатчылары Жамиля Жаманбаева жана Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчылар эки өлкөнүн жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулган учурлар жөнүндө өз маалында бири-бирине маалымат берүүнү макулдашышты.

“Түркияда учурда 35 миңге чукул кыргызстандыктар жашап эмгектенип жүрүшөт, анын ичинен 6 миңден ашууну иштөөгө уруксат алып иштешет. 30га чукул адам жабык жайларында кармалып жатат. Башкача айтканда Түркиядагы жарандарыбыздын укуктарынын корголушуна дагы көңүл буруу бүгүнкү күндүн талабы болууда”, - деди Жаманбаева Бишкектеги кол коюу иш-чарасында.

Малкоч аталган документ Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарынын сактоону камсыздоо боюнча кызматташтыкты күчөтөт деп белгиледи.

“Биз абдан маанилүү документке кол койдук, ал адам укуктары үчүн күрөшүүдө бизди күчтүү кылмакчы”.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чет мамлекеттерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны 1300гө жакын. Алардын миңдейи Орусиянын түрмөлөрүндө. Мындан сырткары соттун чечимин күтүп, убактылуу тергөө абактарында жаткандар да бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG