Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Сохто такталган чек арага тосмо орнотуу боюнча район жетекчилери жолукту


Өзбекстандын Сох анклавы менен чек ара. Архивдик сүрөт.
Өзбекстандын Сох анклавы менен чек ара. Архивдик сүрөт.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, 5-сентябрда Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы такталган чек араларга инженердик курулмаларды (тикен зым тосмолорун) орнотуу боюнча чектеш эки район акимдеринин жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Баткен районуну акими Учкунбек Жоробаев менен Өзбекстандын Сох районунун акими Саидбахром Саидмусаев эки өлкөнүн чек араларындагы тосмолоо иши Сох анклавынын айланасында зарыл участоктордо жүрүп жаткандыктан иштин жүрүшүндө тоскоолдуктарды жаратпоо үчүн жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү чараларын жүгүзүү, чыр-чатактардын алдын алууну макулдашты. Мындан тышкары, соода-сатык жана маданий алакаларды бекемдөө багытында да иш чаралар кабыл алынган.

Өзбекстандын Сох анклавы Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондору менен 100 чакырымдай чектешип турат. Чек аранын дээрлик бардык бөлүгү такталып бүткөнү менен, жеринен тактоо же демаркациялоо иштери аяктай элек. Мурда анклавдын айланасындагы чек аралардын кээ бир бөлүктөрү тактала элек кезде чыр-чатактар тез-тез кайталанып, каттамдар оор болуп келген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG