Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

БШК Самаковдун соттуулугу боюнча маалыматты иликтөөдө


Кубанычбек Самаков.
Кубанычбек Самаков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Самаковдун соттуулугу боюнча маалыматтарды иликтеп жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтына маалымат жарыяланды.

Анда Фейсбукта Кубанычбек Самаковго кылмыш иши козголгону жана соттуулугу жоюлбаганы тууралуу билдирүүлөр тараганы айтылат. Ушундан улам ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Башкы прокуратурага кайрылган.

Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу. Ал 2017-жылы атасы менен чогуу Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча сегиз жылга кесилген.

Кубанычбек Самаков 2019-жылы Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевдин ишине байланыштуу “пара берүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кубанычбек Самаков Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы жана соттулугу жоюлган-жоюлбаганы боюнча комментарий бере элек. Кубанычбек Самаковдун иниси Аман Самаков агасынын соттуулугу 2020-20121-жылдары эле жоюлганын, талапкер болуп катталып жатканда БШКга бардык документтерди бергенин билдирди.

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG