Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:18

Шакиев Конституциялык соттун судьяларынын кызматтан кетишин талап кылды


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды. Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында билдирип, Конституциялык соттун чечими туура эмес болгонун айтты.

“Бул кыргыз элине, улутка чоң сокку болду. Биздин өлкөдө мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Ушул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы, судьялары токтоосуз кызматтан кетиши керек. Келечекке балта чапкан осол иш болбошу керек эле. Бул абдан жат көрүнүш. Конституциялык соттун толук курамы кызматтан кетишин талап кылам”.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Аталган орган бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

Бул чечимден кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям”, - деп билдирүү жазган.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштады. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG