Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Көкүлов менен Иманалиевдин кайым айтышы парламентте талкууланды


Коллаж
Коллаж

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында депутат Эрулан Көкүлов менен билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кайым айтышы талкууланды. Депутат Мирлан Самыйкожо эл өкүлдөрүн популизмден алыс болууга, “пиарды туура жүргүзүүгө” чакырды.

“Мисалы, өкмөттүн мүчөлөрү келгенде мен аябай даярданам. Анткени алар 20-30 жылдап иштеген адистер. Биз өзүбүз пиарды туура кылганды үйрөнүшүбүз керек. Же пиарчы, блогер бололу, же өзүбүздүн статусубуз менен депутат бололу”.

“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Көкүлов министрликке элдин көйгөйүн сүйлөшүү үчүн барганын, мекеменин ишеним телефону иштебей жатканын жеткирүүнү каалаганын билдирди.

“Окуу жылы башталгандан бери акча чогултуу, китептин жетишсиздиги маселеси, министрликтин ишеним телефонунун иштебегени боюнча депутатка кайрылуулар түшкөн. Ал телефон аркылуу байланыша албаганы үчүн министрликке барган. Ал жерде этиканы сактап, кабылдамада күтүп отурган. Аны эч ким кабыл албаганы үчүн видеого тартып, министрдин иш бөлмөсүнө кирген. Ал элдин үнүн жеткирейин деп эле барган”, - деди Маматалиев.

Депутат Медербек Алиев Билим берүү жана илим министрлигинде көйгөйлөр көп экенин, жарандарды кабыл алууда маселе бар экенин айтып, Көкүловдун аракетин кубаттады.

5-сентябрда депутат Эрулан Көкүлов билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабылдамасына барганы тартылган видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган. Анда депутат министрдин иш бөлмөсүн кирип барып, Иманалиев менен кайым айтыша кеткенин көрүүгө болот.

Видеодо Көкүлов министрликтин ишеним телефону иштебей жатканын айтып, министрди айыптаганы, Иманалиев депутатты этиканы сактабай жатканын айтканы тартылган.

Бул тасма интернетке жарыялангандан кийин социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG