Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:01

Азия оюндары: Кытайга Кыргызстандан 230дан ашуун киши барат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өтүүчү Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашуун киши барат. Бул тизмеге спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү кирет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтө турган мелдешке 40тан ашуун өлкө катышат. Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген. Кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча катышат: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каноэ жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

Министрлик Азия оюндарына катыша турган курама командалардын параддык жана спорттук кийими даяр экенин билдирди.


Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, улуттук курама команда эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль уткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG