Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Тажикстанда "Ансоруллох" тобунун үч согушкери жок кылынды


Дарвазда жок кылынган жоочулардын куралдары.Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарыялаган сүрөт.
Дарвазда жок кылынган жоочулардын куралдары.Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарыялаган сүрөт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Ансоруллох" эл аралык террордук тобунун үч мүчөсү жок кылынганын билдирди. 5-сентябрда таратылган кабарда үчөө ооган-тажик чек арасынан 30-августта мыйзамсыз өтүп, Дарваз районуна жайгашканы, Тажикстанда "теракттарды жасоону көздөгөнү" айтылат.

Расмий маалыматта белгиленгендей, шейшембиде атайын кызматтын ыкчам тобу аларды курчоого алып, багынып берүүнү сураган. Талапка баш ийбей, атышуу башталып, алар жок кылынган. Баары Тажикстандын түрдүү аймактарында туулуп-өскөн жарандар экени аныкталганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Быйыл апрелде Тажикстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн "Ансоруллохтун" эки мүчөсү өлтүрүлгөнүн билдирген.

"Ансоруллох" диний кыймылы Кыргызстанда да 2012-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG