Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:34

Футболчуну өпкөн Луис Рубиалестин ишин прокуратура териштирүүдө


Луис Рубиалес
Луис Рубиалес

Испанияда Футбол федерациясынын башчысы Луис Рубиалес кыз-келиндер командасынын мүчөсү Женни Эрмосону күчтөп өпкөнүнө байланыштуу прокуратура териштирүү баштады. Улуттук прокуратура Эрмосо ага каршы даттанганын, өзү 5-сентябрда көрсөтмө бергенин билдирди.

Reuters агенттиги жазгандай, Рубиалестин "осол жүрүм-турумун" Испаниянын Жогорку спорт соту, Эл аралык футбол федерациясы да териштирип жатканын, эми Эрмосонун даттануусу менен ага кылмыш иши да козголушу ыктымалдыгын жазды.

20-августта испаниялыктар кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатын жеңгенден кийин медал тапшыруу салатанатында Луис Рубиалес команданын мүчөсү Женни Эрмосону күчтөп оозунан өпкөн. Бул окуя коомдо нааразылык жараткан.

Прокуратура “сексуалдык ыдык көрсөтүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Рубиалес өзүн "феминисттердин курмандыгы" деп атап, оюнчу кыз аны менен өбүшүүгө макул болгонун айтууда. Эрмосо анын сөздөрүн четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG