АКШнын мамлекеттик катчысы Украинага барды
Шаршембиге караган түнү Украинанын бүтүндөй аймагында аба соккусу тууралуу эскертүү жарыяланды. Киев аткылангандан көп узабай шаарга АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен барды. Ал эми украин президенти Владимир Зеленский майдандагы жоокерлердин суроо-талаптары аткарыларын билдирди.