Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

АКШ: атайын прокурор Хантер Байденге айып тагууну көздөөдө


Президент Жо Байден жана Хантер Байден
Президент Жо Байден жана Хантер Байден

Атайын прокурор Дэвид Вайс АКШ президентинин уулу Хантер Байденге мыйзамсыз курал сатып алганы үчүн айып тагууну көздөп жатат. Бул тууралуу ал шаршембиде билдирди.

Прокурор мындай билдирүүнү Делавэрдин соту Хантердин күнөөсүн мойнуна алуу боюнча келишимге келүү сунушун четке каккандан бир нече апта өткөндөн кийин жасады. Тапанча сатып алган документтеринде Хантер Байден баңгизат колдонгону үчүн курал алып жүрүү укугунан ажыратылганын жашырып койгон. Судья тараптардан бул келишим мындан ары Байденди кылмыш жоопкерчилигине тартууга тоскоол болобу же жокпу, түшүндүрүүнү талап кылган. Бул боюнча атайын прокурор менен Хантер Байдендин пикирлери дал келген эмес.

Президенттин уулу мындан сырткары салыкты жашырган деп айыпталууда. Атайын прокурордун айтымында, бул иш мөөнөтү аяктаган сотко чейинки макулдашуунун бир бөлүгү болгон. Август айында прокурорлор бул иштер боюнча кенже Байденге айып коюу ниетин билдиришкен.

Байдендин адвокаттары сотко чейинки келишим күчүндө каларын белгилешип, айып тагылган учурда атайын прокурордун чечимине каршы арызданышарын билдиришкен. Хантер Байден буга чейин мыйзамсыз курал сактап жүргөнүн моюнуна алган.

53 жаштагы Хантер Байден бир топ жылдан бери Трамптын жана анын республикачыл тарапташтарынын сынына кабылып келет. Анын ысымы буга чейин Украинага байланышкан ызы-чууда чыккан. Ал 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы "Бурисма" аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

"Бурисмага" иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жок деген негизде жабылып калганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG