Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Нурланбек Шакиев парламентке айтылган сын-пикирлерге жооп берди


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 7-сентябрдагы жыйында коомчулукта парламентке айтылган сындарга жооп берди. Ал Жогорку Кеңеш өзүнүн милдетин так жана даана аткарып жатканын белгиледи.

"Парламенттин дарегине ар кандай орундуу дагы, орунсуз дагы сындар айтылып жатат. Мен төрага катары парламенттин аброюна жооптуумун жана аны коргошум керек. Биз өз милдетибизди так жана даана, ачык аткарып жатабыз. Бул жерде бардыгы көз каранды, сырттан башкарылат, парламентте көп түрдүүлүк жок, курч сөздөр, сын пикир айтылбайт дегенди кескин түрдө четке кагам. Биздин депутаттар каалаган учурда, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кандай тыюу жок", - деди төрага.

Шакиев Жогорку Кеңештин бийликке, президентке, Министрлер кабинетине сын айта албайт деген пикирлер менен макул эместигин, тескерисинче, депутаттар көбүрөөк сунуш берип жатканын кошумчалады.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Парламенттин азыркы чакырылышы коомдо кыйла талкуу жараткан бир катар мыйзамдарды кабыл алды жана мындан улам президенттик башкаруудагы парламент сынга кабылды. Эксперттер президенттик башкарууга тең салмак түзүш үчүн парламент күчтөнүшү керектигин белгилеп жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG