Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Казакстанда Rixos-Borovoe мейманканасынын кызматкерлери жапырт ууланды


Rixos-Borovoe мейманканасынын Алматыдагы имараты.
Rixos-Borovoe мейманканасынын Алматыдагы имараты.

Казакстандын курорттук Бурабай калаасындагы Rixos-Borovoe мейманканасынын кызматкерлери жапырт ууланды. Бул тууралуу "Казинформ" мамлекеттик агенттиги Акмоло облусунун санитардык дарыгерлерине шилтеме кылып кабарлады.

Конок үйүндө иштеген 17 кызматкер өзүн жаман сезип, дарыгерге кайрылганда "тамак-ашка уулануу" диагнозу коюлган. Тогуз киши Көкшетау шаарындагы Жугуштуу оорулар борборуна жаткырылды.

7-сентябрь күнү жарыяланган маалыматка ылайык, ооруканага жеткирилгенге чейин алардын баары кусуп, ичи өтүп, дене табы жогорулаган.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы мейманкананын ресторанында текшерүү жүргүзө баштады. Азырынча Rixos-Borovoe мейманканасы комментарий бере элек.

Маалымат каражаттары Rixos-Borovoe мейманканасы олигарх Булат Утемуратовго таандык экенин жазышты. Forbes-Казакстан журналы анын байлыгын 2,7 миллиард долларга баалап, өзүн өлкөдөгү эң бай 10 адамдын катарына киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG