Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Мароккодогу зилзаладан каза болгондор 2 миңден ашты


Үй-жайсыз калгандар ачык асман алдында укташты. Марракеш, Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл.
Үй-жайсыз калгандар ачык асман алдында укташты. Марракеш, Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл.

Ишембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны эки миң адамдан ашканы кабарланды. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берип билдирди.

Агенттик жазгандай, Марракеш шаарындагы 6,8 баллдык зилзаладан турак жайлар, имараттар, мечиттер кыйраганы кабарланды. Үй-жайсыз калгандар сыртта түнөштү. Урандылардын арасында калгандарды издөө уланууда.

Дүйнөлүк саламатык сактоо уюму силкинүүнүн кесепетинен 300 миңден ашуун киши жабыркаганын маалымдады.

Касабланка, Рабат жана башка аймактарда адамдар үй-жайларын таштап кетишүүдө.

Зилзаланын очогу Марракеш шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Марокконун Геофизикалык борбору 7,2 баллдык зилзала Атлас тоолорунун аймагында катталганын билдирди.

АКШнын Геологиялык кызматы зилзаланын күчү Мароккодо 6,8 балл болгонун кабарлады.

Зилзаладан жапа чеккен тоолуу район Марракеш шаарынан түштүк-батышты карай 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 23.00дөн кийин башталган. 19 мүнөттөн кийин экинчи толкуну болгон.

Анын күчү Рабат, Касабланка, Эс-Сувейра шаарында да сезилген.

Reuters Марракеште ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген бир нече имарат кыйраганын жазды.

Жергиликтүү телеканалдар мечиттин мунарасы урап түшкөн видеону көрсөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG