Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Мароккодо үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Злзаладан кийинки шаар. Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл
Злзаладан кийинки шаар. Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл

"Рейтер" агенттиги Мароккодо ишембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны эки миң адамдан ашканын өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, 2012 адам зилзаладан көз жумду, 2060 адам жаракат алган. Алардын ичинен 1404 адамдын абалы оор.

Агенттик жазгандай, Марракеш шаарындагы 6,8 баллдык зилзаладан турак жайлар, имараттар, мечиттер кыйрады. Үй-жайсыз калгандар ачык асман алдында түнөдү. Урандылардын арасында калгандарды издөө уланууда.

Дүйнөлүк саламатык сактоо уюму силкинүүнүн кесепетинен 300 миңден ашуун жабыркаганын маалымдады.

Азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезек пайда болгону, тамак-аш таңкыс экени кабарланды. Урандылар көчөлөрдү тосуп калгандыктан, коңшу айылдарга өтүү мүмкүн эмес.

Касабланка, Рабат жана башка аймактарда адамдар үй-жайларын таштап кетишүүдө.

Мароккодо үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Аскерлер да куткаруучулар менен чогуу жабыркаган аймактарга чатырларды, жууркан-төшөк, суу, тамак-аш жана башка буюмдарды жеткирүүгө көмөктөшүүдө.

Быйыл февралда катуу силкинүүдө 50 миңден ашуун адамын жоготкон Түркия Мароккого жардам берип жатат. 2021-жылы Батыш Сахарадагы жаңжалдан улам Марокко менен карым-катышын үзгөн Алжир аба мейкиндигин гуманитардык жана медициналык учактар үчүн ачарын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG