Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

WSJ: АКШ менен Орусия алмашат деген адамдар арасында Навальный болушу мүмкүн


Алексей Навальный 2021-жылдын башында кармалган.
Алексей Навальный 2021-жылдын башында кармалган.

Орусия менен АКШ абактагы адамдарды айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатат жана тизмеде орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный дагы болушу мүмкүн. Бул тууралуу Wall Street Journal (WSJ) басылмасы атын атабаган Батыштагы бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазды.

Макалада айтылгандай, Москва Орусиянын атайын кызматынын өкүлү болушу ыктымал деген Вадим Красиковдун бошотулушун талап кылып жатат. Ал Германияда кезинде чечен жикчилдеринин командири болгон Зелимхан Хангошвилини өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Вашингтон берген тизмеде Орусияда тыңчылыкка байланыштуу соттолгон америкалык жаран Пол Уилан менен WSJ басылмасынын журналисти Эван Гершкович бар.

Ошол эле маалда алмашуусу ыктымал дегендердин арасында орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный баштаган адамдар дагы кошулушу мүмкүн.

2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып, Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келгенде камалып, бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет.

WSJ басылмасынын ырасташынча, Красиковду бошотуп алуу тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин тапшырма берген. Бул маселе менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев алектенип жатат. Ал учурда немис түрмөсүндө кармалып турат.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн Хангошвилини 2019-жылы 23-августта Берлинде атып кетишкен. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерек ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини "мыкаачы, канкор" деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG