Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча маселе Жогорку Сотто каралууда


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечиминин мыйзамдуулугу боюнча маселе 11-сентябрда Жогорку Сотто каралды. Адвокат Бакытбек Автандилдин айтымында, соттук отурум эртең, 12-сентябрда уланат:

“Биз Жогорку Соттон Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгарууну суранганбыз. Бирок прокуратура ал чечимдер мыйзамсыз экенине карабастан мыйзамдуу жана негиздүү деп жатат. Соттук коллегия эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялады”.

Адвокат Жогорку сотко кассациялык даттануу арызы менен быйыл июль айында кайрылган.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өтүү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын "Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн. Өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

2022-жылдын январь айында Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылып келатканын бир катар эл аралык уюмдар белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG