12-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 17…22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус болот.