Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Президент каршы болгон сүттүн баасы жөнүндөгү мыйзам кайра жазылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети "Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндөгү" мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу топ түздү.

Бул долбоорду "Элдик" депутаттар тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев даярдаган жана июнь айында парламент дароо үч окууда карап, кабыл алган. Бирок президент Садыр Жапаров долбоорго каршы пикирин билдирип кайра парламентке кайтарган.

Комитеттин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Чынгыз Макешов президент сүттүн баасын 40 сом деп белгилөөгө каршы чыкканын билдирди.

"Бул мыйзамда сүттүн бир литринин баасын 40 сомдун деңгээлинде белгилөө сунушталган. Бирок президент каршы пикирин билдирип кайтарып берген. Анткени мыйзам кабыл алынса сүттүн баасы шаарда өсүп кетет. Сүттүн баасы болжол менен 11-12%, ал эми каймактын баасы 50%га чейин кымбаттайт. Биз анализ кылып көрсөк Арменияда 22 сом, Орусияда 25 сом, Өзбекстанда 26 сом экен. Эгерде биз 40 сом деп белгилесек анда биздин ишканалар токтоп калат деген коркунуч бар. Макулдашуу тобуна өндүрүш ишканаларынын дагы өкүлдөрүн кошуп коюуну суранабыз",-деди Макешов.

Быйыл жазында Таласта айрым тургундар нааразылык акцияларына чыгып чыгып, сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылышкан. Алар сүттү арзан алып эки завод жабылышы керектигин айтып, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылышкан. Ошол маалда ортомчулар 1 литр сүттүн баасын элден 26 сомдон алып, заводго 30 сомдун айланасында өткөрүп жатканы белгилүү болгон.

Кыргызстанда сүттүн баасынан улам чыккан нааразылык акциялары бир канча жолу болгон. Жыл сайын жазында сүт багытындагы уй баккан Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун фермерлери бул маселени көтөрүп келет.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан бери айында 1,2 миллиондо нашык тонна сүт өндүрүлгөн жана былтыркы жылдын ушул маалына карата 2,1% көп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG