Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Грузия Кытайдын жарандары үчүн визасыз режим киргизди


Кытайлык туристтер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытайлык туристтер. Иллюстрациялык сүрөт.

Грузия 11-сентябрдан баштап кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили билдирди. Ал Бээжин менен Тбилисинин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана бул өлкөдөн туристтерди тартуу маанилүү экенин белгиледи. Өкмөт башчы Кытайдан түз авиакаттамдар көбөйөрүнө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Быйыл июлдун соңунда Кытай менен Бээжин алакаларын стратегиялык өнөктөштүккө чейин жогорулатуу чечимин кабыл алышкан. АКШнын Грузиядагы элчиси Келли Дегнан Тбилисини Кытайдын алдында алган милдеттенмелеринде этият болууга чакырды. Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел бул чечимди комментарийлеп жатып, Грузия өзүнүн тышкы саясатын жана коопсуздук саясатын Евробиримдик менен кеңешүүсү зарыл экенин айтты.

Май айында Казакстан менен Кытай лидерлери эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG