Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

АКШ Владимир Путин менен Ким Чен Ынга санкция тууралуу эскертти


Владимир Путин менен Ким Чен Ын.
Владимир Путин менен Ким Чен Ын.

Кошмо Штаттары Орусия жана Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын курал-жарак тууралуу макулдашса аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскертти. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер дүйшөмбүдө журналисттерге билдирди.

"Түндүк Кореядан Орусияга курал жөнөтүү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин көптөгөн резолюциясын бузуу болорун эки өлкөнүн тең эсине салам. Биз албетте Орусиянын согушун каржылаган адамдарга каршы санкцияларды колдонгонбуз жана биз колдонууну улантабыз, ошондой эле зарыл болгон учурда эч токтоосуз жаңы санкцияларды салууга даярбыз".

АКШ Москва Пхеньяндан ириде артиллериялык ок-дары алгысы келет деп эсептейт. Расмий Москва курал тууралуу маалыматты ырастай элек.

Ал эми Кимди Орусиянын спутниктери жана суу алдында жүрүүчү атомдук кемелердин жаңы технологиялары кызыктырат. Бул өлкө ошондой эле азык-түлүккө муктаж.

Мунун алдында Кремль Ким Чен Ын Путиндин чакыруусу менен жакынкы күндөрү Орусияга келерин ырастаган. Ага чейин бир катар басылмалар Ким чопкутталган поездде Владивостокко жөнөгөнүн жазган.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган бул эки мамлекет Орусия Украинага толук согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланышын бекемдөө аракет кылып жатат.

Ким Чен Ын менен Владимир Путин соңку ирет 2019-жылы Владивостокто жолугушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG