Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

Өзбекстандын муфтийи бети-башын чүмкөгөндөрдү сындады


Нуриддин Холикназаров
Нуриддин Холикназаров

Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтты. Ал мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, шалбыраган шым кийүүнүн кажети жоктугун белгиледи.

Муфтий Ташкенттеги мечиттердин биринде насаат айтып жатканда тартылган видеону Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты.

"Ислам дининде кийинүүнүн бир формасы кабыл алынган эмес. Андай кылуу мүмкүн эмес. Себеби, ал бир гана улутка же бир гана аймакка таандык дин эмес. Баары бирдей кийиниши керек десек, анда дин машакатка айланат. Аялдар кара кийинсин, жүзүн бекитип жүрсүн, колкап кийип алсын деген эреже биздин ханафий мазхабында жок. Негизгиси, жасалган амалдар", - деген Холикназаров адамдарды чектен ашпоого үндөп, мусулмандар өзү жашаган аймактын маданиятына, климатына жараша кийиниши керектегин билдирди.

Муфтий өзбекстандыктары тар түшүнүктөгү диний эрежелерди коомчулукка жайылтпоого чакырды. Ал ажылыкка, умрага барып келгендерди күтүп алууда ашкере салтанат өткөрүп жаткандарды, зыяратка барганын элге жар салып мактангандарды, Меккеге барып келгени үчүн өзүнө ашыкча урмат-сый ыйгарып алгандарды сындап, муну "чектен чыгуу" деп атады.

Өткөн аптада Өзбекстандын парламентинин Төмөнкү палатасы коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартуу каралган мыйзам долбоорун жактырган. “Кылмыш жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске" өзгөртүү жана толуктоо киргизилген документте көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга жаза колдонуу сунушталууда.

Сенат жактырып, президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG