Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:27

Ташиев абактагы шартка нааразылык билдирген саясатчыларга жооп берди


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. 11-сентябрь, 2023-жыл. Чаек.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. 11-сентябрь, 2023-жыл. Чаек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген айрым саясатчыларга жооп берди. Ал 11-сентябрда Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айтты.

"Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Алардын кээ бири түрмөдө бизди өтө катуу кармап жатат, катаал шарттарды коюп жатат деп айтып жатышат. Абак алар үчүн өздөрүнүн мамлекеттен тартып алган, менчиктештирип алган пансионаты эмес. Түрмө деген түрмө. Түрмө мыйзам бузгандарды ордуна алып келип, тарбиялаш үчүн курулган. Ошого чыдабаса, мыйзам бузбасын! Түрмөнүн шарттарына макул эмеспи, демек мамлекетибиздин тынчтыгына залал келтирбесин", - деди Ташиев.

Сентябрь айынын башында Жазаларды аткаруу кызматы “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта отурган Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровду №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан жана бул кыйноонун бир түрү экенин белгилешкен.

"Кемпирабадчылар" мындай мыйзамга каршы иш-аракеттер УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин буйругу менен болуп жатканын айткан.

Жазаларды аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматты четке кагып, абактагылар мыйзамда белгиленген тартипте кармалып турганын билдирген.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камералардын абалы менен таанышып чыккан. Алар жертөлөдөгү камералар тазалык жана санитардык талаптарга жооп бербегени, кармоо шартынын эрежелери бузулганы боюнча акт түзүшкөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG