Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


13-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° жылуу
болот.

XS
SM
MD
LG