Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Акылбек Жапаров КМШдагы маалымат агенттиктердин башчыларын кабыл алды


Акылбек Жапаров менен КМШга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маалымат агенттиктеринин башчылары менен жолугушуусу.
Акылбек Жапаров менен КМШга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маалымат агенттиктеринин башчылары менен жолугушуусу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 12-сентябрда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдөгү улуттук маалымат агенттиктердин башчыларын кабыл алды. Алар Бишкекке аталган уюмдун Маалыматтык кеңешинин 29-жыйынына катышуу үчүн келген. Бул жылы КМШга Кыргызстан төрагалык кылып жатат.

"Кыргызстандын КМШдагы төрагалык кылуусундагы маанилүү милдеттердин бири маалыматтык коопсуздук маселелеринде кызматташуу болуп саналат",-деген Жапаров.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, маалымат агенттиктеринин башчылары өз кезегинде КМШга мүчө мамлекеттер ортосундагы алака-катышты чыңдоого багытталган аракеттерди уланта беришерин айтты.

Келерки айда, октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт.

Учурда бул уюмга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Орусия, Беларус, Армения жана Молдова мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG