Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

ЖК: Азербайжанга көлдөн жер берүү келишиминин долбоору талкуу жаратты


Ысык-Көл, иллюстрациялык жол.
Ысык-Көл, иллюстрациялык жол.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимдин долбоорун кароону келеркиге калтырды.

Депутат Улугбек Ормонов долбоорго байланыштуу бир топ суроолор бар экенин айтып, өкмөт өкүлдөрүнө аларды тактап келүүнү тапшырды. Ошондой эле жыйынга президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жаңы дайындалган жетекчиси Талантбек Имановдун келбегени сынга алынып, кийинки жыйынга келиши керектигин айтты.

"Өзгөчө биз төрт пансионатты Өзбекстанга бергенден кийин коомчулукта ушундай маселелерде кызуу талкуулар жаралып жатат. Биз муну толук түшүндүрүшүбүз керек. Чет мамлекеттерде курорттук аймактарга жерди кандай шартта берип жатышат, ошолорду алып келишсе, биз ошолорду көрүп туруп анан кабыл алып берсек. Беш жылдыздуу мейманкананын курулганы жакшы, бизге керек. Бирок ошону биз Кыргызстандын пайдасына ылайык, элге түшүнүктүү шартта колдоп берели. Келерки жыйында Казакстанга берилген пансионаттар тууралуу да маалымат алалы",- деди Ормонов.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Нурадил Баясовдун билдиришинче, Ысык-Көлдө мейманкана куруу тууралуу кыргыз-азери өкмөттөрү 1997-жылы макулдашкан. Ага ылайык, Кара-Ой айылынын аймагынан 17 гектардан ашык жер бөлүп берүү каралган. Кыргыз өкмөтү мейманканага чейинки жолду салып берет жана инвесторлорду 10 жыл салыктан бошотот.

Инвестициялык келишимге ылайык, мейманкана үч жылдын ичинде салынышы керек.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитети бул макулдашуунун долбоорун жактырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG