Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ким Чен Ын түшкөн поезд Орусияга жетти


Ким Чен Ын түшкөн поезд, 10-сентбярь, 2023-жыл.
Ким Чен Ын түшкөн поезд, 10-сентбярь, 2023-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын поезди Орусияга кирип, Владивостокту көздөй баратат. Поезддин Приморск аймагына келгени тартылган тасманы "Россия-1" мамлекеттик телеканалы 12-сентябрда көрсөттү.

Ким Чен Ын түшкөн поезд шейшемби күнү эртең менен “өтө жашыруун кырдаалда” Орусия темир жолу менен Түндүк Кореянын ортосундагы жалгыз чек ара бекети – Хасан станциясынан өттү. Уссурийскиде поезддин локомотив бригадасы алмаштырылып, андан кийин Транссибирь темир жолу менен батышты көздөй жөнөгөнүн "Интерфакс" кабарлады.

Орусиялык маалымат каражаттары Путин Владивостокко келгенин, экөө 13-сентябрда жолугушарын жазышты. Бирок сүйлөшүүлөр качан болору тууралуу расмий маалымат жок.

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги мурдараак Ким башкаруучу партиянын, өкмөт мүчөлөрүнүн жана аскерлердин коштоосунда өзүнүн жеке, чопкутталган поездинде сапарга чыкканын билдирген.

Кошмо Штаттары Орусия жана Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын курал-жарак тууралуу макулдашса аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскертти. АКШ Москва Пхеньяндан ириде артиллериялык ок-дары алгысы келет деп эсептейт. Кремль курал тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган бул эки мамлекет Орусия Украинага толук согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланышын бекемдөө аракет кылып жатат.

Бул Кимдин чет өлкөгө акыркы төрт жылдагы биринчи сапары. 2019-жылы да ал Путин менен жолугушуу үчүн Орусияга барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG