Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Новопокровкада чек арачылар үчүн көп кабаттуу үй курулду


Чек арачыларга берилген батир. 12-сентябрь, 2023.
Чек арачыларга берилген батир. 12-сентябрь, 2023.

Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, төрт кабаттуу 6 батирлүү үй аскердик шаарчанын аймагына курулган. Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт.

Быйыл июнда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында Чек ара кызматынын жаңы пансионаты ачылган. Ага чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан үй-бүлөлөрү менен келип, эс алышат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын курамында.

Кыргызстан буга чейин Кытай, Казакстан менен чек арасын тактаган. Быйыл Өзбекстан менен чек арасын тактап бүттү. Ал эми дагы бир коңшусу Тажикстан менен чек арасын тактоо жумушун жүргүзүүдө. Чек ара такталбагандыктан, суу, жер, жайыт, жол талаштан улам чыр-чатактар көп катталып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG