Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

"Кемпир-Абад иши": Материалдар менен таанышууга дагы кошумча убакыт берилди


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Архив.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Архив.

13-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн дагы убакыт сурап, аны судья Марат Сыдыков канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул иш боюнча айыпталып жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков материалдар менен толук тааныша албаганын айтып дагы убакыт сураган. Судья өтүнүчтү колдоп, 20-сентябрга чейин убакыт берди.

Буга чейин 5-сентябра өткөрүлгөн соттук процессте да айыпталган саясатчылар иш менен таанышууга кошумча убакыт сураган.

Сот ага макул болуп, отурумду 13-сентябрга которгон.

Иштин материалдары менен таанышуу үчүн деген негизде 21-августта соттук жараян болбой, кийинки отурум 5-сентябрга дайындалган эле.

Бул убакыт ичинде шектүүлөр материалдарды окуп чыгышты. Алар судья сот отурумун утур-утур жылдырып, шектүүлөргө иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып арызданышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG