Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Кыргыз-Орусия Славян университетине жетекчи болуп орусиялык жаран дайындалды


Денис Фомин-Нилов.
Денис Фомин-Нилов.

Кыргыз-Орусия Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп орусиялык Денис Фомин-Нилов дайындалды. Окуу жайдын сайтына бүгүн 13-сентябрда жарыяланган маалыматка караганда, чечим биргелешип кабыл алынды, дайындоо тууралуу буйрукка Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков жана Орусиянын Билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский кол коюшту.

Бишкекте өткөн жолугушууда жаңы жетекчи университетти өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын тартуулаганы, анын максаты Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын кызыкчылыгы үчүн иштей тургандай шарт түзүү экени маалымдалды.

Тарых илимдеринин кандидаты, 44 жаштагы Денис Фомин-Нилов 2017-жылы Орусиянын Мамлекеттик гуманитардык илимдер университетинин жетекчиси болуп дайындалган, кийин аталган окуу жайдын Тарыхты окутуу жана илим борборун башкарып турган. 2009-жылдан бери Орусиянын Илимдер академиясында да илимий кызматкер катары эмгектенет, мекеменин тарых боюнча илимий-окутуу журналы менен кызматташат.

Университет 1992-жылы эки өлкө ортосундагы достук келишимине ылайык Орусиянын каржылык жардамы менен негизделип, 1993-жылы алгачкы студенттерин кабыл алган. Кийин ага Орусиянын тунгуч президенти Борис Ельциндин ысымы ыйгарылган. Он миңден ашуун студенти бар окуу жай Кыргызстандагы мыкты университеттердин рейтингинде башкы орундарды ээлеп келген, бирок соңку жылдары андагы билим берүү сапаты, шарттары өнүкпөй, артта калганы тууралуу бир топ сын айтылып жүрөт. Окуу жайды негизделген кезден жетектеп келген ректору Владимир Нифадьев кызматынан алынганы быйыл июнь айында белгилүү болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG