Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Москва аннексияланган Крымга соккуда эки кеме жабыркаганын билдирди


Орусия аннексиялап алган Севастополдогу кемелерди оңдоп-түздөөчү заводдо тутанган өрт. 13-сентябрь, 2023-жыл.
Орусия аннексиялап алган Севастополдогу кемелерди оңдоп-түздөөчү заводдо тутанган өрт. 13-сентябрь, 2023-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва аннексиялап алган Крымдын орусиячыл бийлиги Севастополго жасалган ракеталык соккудан эки кеме жабыркап, жаракат алгандар бар экенин билдирди.

Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдиргендей, калаага чабуул 13-сентябрдын таңында жасалган. Ал кол салуунун натыйжасында Севастополь деңиз заводунда өрт тутанып, 24 киши жабыркаганын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Севастополго канаттуу ракеталар жана деңиз дрондору менен сокку урулганын, Кара деңиздеги эки кеме жабыркаганын маалымдады.

Мекеме абадан коргонуу системасы он ракетанын жетөөнү атып түшүргөнүн, үч деңиз дрону жок кылынганын билдирди. Ал эми үч ракета оңдоп-түздөөдө турган эки кемеге тийгени кабарланды.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон заводдун аймагында кеминде үч чоң жардыруу болгонун көрүүгө болот.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулду Украинадан көрдү. Киев бул тууралуу комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG