Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Баткен жана Согд облустарынын башчылары чек ара маселесин талкуулады


Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзода. 13-сентябрь. 2023
Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзода. 13-сентябрь. 2023

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен жолугушту.

13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында өткөн жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Алар чек арадагы куралдуу жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчылары Баткен жана Согд облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу үчүн мурда кабыл алынган чечимдерди аткаруу улантыларын белгилешти. Мунун алкагында ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча чектеш жайгашкан райондордун акимдерине жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен коомдук коопсуздукту камсыздоо тапшырмасы берилди.

"Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатат", - деп жазылган маалыматта.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон.

Куралдуу кагылыштан соң эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирген. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG