Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Президент Жапаров баштаган делегация Дүйшөмбүгө барат


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон, 28-июнь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон, 28-июнь, 2021-жыл.

14-сентябрда президент Садыр Жапаров баштаган делегация Дүйшөмбүдө өтө турган Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп жатканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, сапарда Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт", - деп билдирди Азымбакиев.

14-15-сентябрда Дүйшөмбүдө Борбор Азияда кара жол менен каттаган транспорт тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу келишимге кол коюлары кабарланды. Тажик тараптын маалыматына караганда, келишим аймактагы өлкөлөрдүн транспорт жана логистика жаатындагы байланыштарын бекемдөөгө, эл аралык жүк ташуу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө, транспорттук тейлөө рыногунда атаандаштык чөйрөсүн түзүүгө багытталат.

Жапаров менен Рахмон быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде жолуккан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирген.

Кыргыз- тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяларда эки тараптан тең бир катар айылдар талкаланып, өрттөлгөн, ондогон киши каза тапкан. Кыргызстанда миңдеген тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG