Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Казакстанда кургакчылыктын айынан мал азайды


Казакстандын бир катар аймактарында фермерлер тоюттун кымбаттыгынан малын сатып же союуга аргасыз болууда. Фермерлер ассоциациясы жем-чөпкө болгон баанын көтөрүлүшүнө кургакчылык себеп болууда деп эсептейт.

Айыл чарба министрлиги тоют менен камсыздоо боюнча чечимдерди координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирди.

Атырау облусунун тургуну, фермер Жанибек Аралбаевдин 110 уй, 15 бука жана 60ка жакын торпогу бар. Анын быйылкы кышка камылгасы керектөөнүн 70% гана жабат. Жетпей калган чөптү коңшулаш Актөбө облусунан сатып алмакчы болгон. Бирок кыш катаал болуп, узакка созулса, сатып алган жем-чөбү менен деле жазга жетпейт. Ошондуктан малынын туягын азайтыш үчүн букаларын четинен сатууда.

“Аба ырайы нымдуу болуп, күн жылыбай, чөп көтөрүлбөй калды. Күздө чабылчу эрмен дагы карарып кетти”, - деди фермер.

Түркстандын Сайрам районундагы мал базар. Сентябрь, 2021-жыл.
Түркстандын Сайрам районундагы мал базар. Сентябрь, 2021-жыл.

Алматы облусуна караштуу Райымбек районунун тургуну Газиз Сатылгановдун тынчсыздандырган ушул эле көйгөй. Сарайында 170 жылкы, 400гө жакын кой бар.

"Кыштан эптеп чыгуу үчүн кеминде 300 түк чөп, 20 тонна күнжара керек. Тоютту болушунча даярдап жатабыз. Чөп жок, кургакчылык. Акыркы эки-үч жылдан бери суу жетпей, беде куурап жатат. Ар бирин 15000 теңгеден баалап 50 түк чөп алдым. 18-20 кг бир түк беде 2000 теңге турат. Эми жайыты жок малчылар, малын тоют сатып алып багышат. Чыгымдар өсүүдө. Кыш катаал болсо, кыйналабыз го", - дейт фермер.

Жайыттар жана талаадан чабылган чөп жакшы болгондуктан, Сатылгановдун чарбасы өткөн кыштан жакшы чыккан. Быйыл акыбал оор дейт ал.

Чакан жана орто чарбаларга артылган түйшүк

Казакстан фермерлер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Ермек Абуов быйыл Абай, Атырау, Батыш Казакстан, Чыгыш Казакстан, Караганды, Маңгыстау, Павлодар, Улуу-Тоо облустарында чөп тартыш болуп жатканын билдирди.

Көпчүлүк аймактарда чөптүн көбүн июль айында чабышат. Бирок быйыл кургакчылыктын айынан чөп көтөрүлбөй, өлкөнүн батыш жана чыгыш тарабында август айына барып чабылды.

Абуов жергиликтүү акимчиликтер менен өкмөт фермерлердин малын кыштан аман алып чыгышы үчүн эмитен эле кам көрүшү керек деп эсептейт. Антпесе 2021-жылы Маңгыстау облусунда болгондой келерки кыш-жаз айларында жуттун кайталануу ыктымалдыгы жогору болуп турат.

"Түндүк райондордо мал-жандыктар жылда 210-240 күн кол карайт, жайытка чыкпайт. Тоют жок болсо, жут болушу ыктымал. Айрыкча, чакан жана орто чарбалардын абалы оор, алардын көбүндө чөп чапканга жери жок", - дейт Казакстандын фермерлер ассоциациясынын төрагасынын орун басары.

Абуовдун айтымында, мындай шартта малдын асыл тукумун сактап калууга аракеттенүү зарыл. Антпесе жоготуулардын ордун алдыдагы төрт жылдын толтуруу кыйын. Эгерде асыл тукум мал сакталбаса, эттин да, сүттүн да баасы кымбаттайт.Мындан тышкары, мал-жандыгынан кол жууган малчылардын кайра бул ишке кайтып келиши күмөн дейт ал.

"Малчылар кыштан чыга албастыгын, тоют тартыштыгын түшүнүп, малды кармап, семиртип союшат. Ансыз деле мал азайып кетти. Өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу ушул жылдын жети айында бодо малдын саны 19 миңге, койлордун саны 535 миңге, канаттуулардын саны 536 миңге азайган. Бирок жылкылардын саны эле 69 миңге көбөйдү", - дейт Абуов.

Казакстандын фермерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, быйыл чөптүн баасы асман чапчыды. Маселен, Алматы облусунда бир тонна чөптүн баасы 24 000 теңгеден 60 000 теңгеге чейин, Павлодар облусунда — 25 000ден 50 000ге, Караганды облусунда — 32 000ден 60 000ге, Чыгыш Казакстан облусунда — 50 000ден 75 000 теңгеге чейин кымбаттаган.

Жуттан чочулаган фермерлер

Айыл чарба министрлигинен “Азаттыктын” казак кызматына билдиришкендей, өлкөдө 25 миллион тонна чөп, 1,4 миллион тонна майдаланган чөп, 1,8 миллион тонна силос, 4,2 миллион тонна саман жана 5,4 миллион тонна күнжара даярдоо пландалууда. Мекеменин маалыматына караганда, сентябрь айына чейин чөптүн 86%, жем катары колдонулган эгиндин 18,4% жыйналды.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Түркстан жана Костанай облустарында чөп чабылып бүтсө, Акмоло, Актөбө, Жамбыл жана Түндүк Казакстан облустарында дале уланууда.

Министрликтин “Азаттыктын” казак кызматына берген жообунда кургакчылыктан улам чөп тартыш болуп жаткан аймактар так аталган эмес.

Маалым болгондой, тоют менен камсыздоо маселелери боюнча чечимдерди координациялоо үчүн республикалык ыкчам штаб түзүлгөн. Штаб фермерлер үчүн мурда бекитилген 11,7 миллиард теңге өлчөмүндөгү субсидияга кошумча 10,1 миллиард теңге бөлүү керектигин билдирди. Ошондой эле министрлик кургакчылыктан жапа чеккен аймактардагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн карызын узартуу жана насыяларды реструктуризациялоо маселеси каралып жатканын айтты.

2021-жылы Маңгыстау, Кызыл-Ордо жана Түркстан облустарында кургакчылык жана тоюттун жетишсиздигинен фермерлер малын арзан баада сатууга аргасыз болушкан. Мындан улам Маңгыстау жана Кызыл-Ордо облустарында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Кургакчылыктан жапа чеккен Маңгыстау аймагындагы фермерлер өкмөт ыкчам жардам көрсөтпөсө, мал жапырт кырылып калуу коркунучунда экенин эскертип, бийликтен тоют жагынан жардам сурап кайрылышкан.

Президент Касым-Жомарт Токаев ошол кездеги айыл чарба министри Сапархан Омаровду өз убагында чара көрбөгөндүгү үчүн кызматтан алган. Өкмөт Маңгыстау облусуна 1,9 миллиард теңге, Кызыл-Ордо облусуна 1,7 миллиард теңге бөлгөн. Түркстан облусунун акимияты “аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес” деп акча бөлүнбөй жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Казакстанда 9,7 миллионго жакын бодо мал, 23 миллион кой, 2,6 миллион эчки, 4,2 миллион жылкы жана 49,6 миллион үй канаттуулары бар.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Дилара Исанын макаласы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG