Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Тоюттун баасы асмандап, базарда мал арзандады


Кара-Балтадагы мал базар. Архивдик сүрөт.
Кара-Балтадагы мал базар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык фермерлер быйыл өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют жакшы болбой калганын коңгуроо кагууда. Айрымдар мал-жандыгынын туягын азайтып, сатууга аргасыз экенин айтып жатат. Мындан улам мал арзандаган. Ал тапта Айыл чарба министрлиги быйыл дагы тоюттун бардык түрлөрүн сыртка сатууга убактылуу чектөө киргизилерин эскертти.

"Жаан жок, чөп көтөрүлбөй калды"

Нарын облусунун Кочкор айылынын тургуну Уларбек Абдрасулов миң баш ак кой багып, асыл тукум чарбасын иштетет. Ал быйыл чарбасындагы койлордун үчтөн бирин сатам деп турган экен. Фермер муну тоют маселесинен жаралган аргасыздык деп түшүндүрдү.

Уларбек Абдрасулов
Уларбек Абдрасулов

"Шамшы деген айылдабыз, быйыл майга чейин күн жылыбай туруп алды. Жаан жок, чөп көтөрүлбөй калды, июнда араң чөп чыкты. Менин божомолума караганда, айыл эли 20% малынан кол жууду. Жазында аябай кыйналдык. Малды биз 3-4 ай эле короодо кармап, тоют беребиз, болбосо эмгекти актабай калат. Ошондо эле үч миң боо чөп, 40 тонна жем керектелет. Анын үстүнө биз Чүй тарапты карап турабыз, аларда чөп чабык бир жылда төрт жолу жүргүзүлөт. Аларда бышыкчылык болсо, бизде арзанчылык болот. Быйыл койдун жүнү да арзан болуп, мээнетибиз акталбай бараткандай. Мамлекет да бир көмөгүн көрсөтүп, жөнгө сала албай жатат".

Фермер 6-7 жыл мурун асыл тукум чарбасындагы койдун санын 2500гө чейин жеткирген экен. Бирок тоют жана жайыт маселеси чечилбесе бул жөн эле пайда айлып келбеген убарагерчилик дейт ал.

"Жайыт маселеси азыр да такыр чечилбей атат. Жайытты ижарага берүү маселеси жөнгө салынбай, "жайыт элдики" деген түшүнүктү карманып алышты. Чынын айтканда, ал жерлер мамлекеттики да. Малдын санына эмес, сапатына маани берген чарбаларды үлгү кылып, алдыга сүрөп турганы оң. Болбосо мал көбөйүп, жайыт такырланып, кышында тоют тартыш болуп калууда. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожого да айтып, маселени чечүүгө көмөк сурагам, бирок майнап чыккан жок".

Уларбек Абдрасулов жылда малын жайып жүргөн жайыт жерлерде чөп жок. Мал бул жайыттарга токтобой, тоют издеп кетүүдө.
Уларбек Абдрасулов жылда малын жайып жүргөн жайыт жерлерде чөп жок. Мал бул жайыттарга токтобой, тоют издеп кетүүдө.

"Жайлоодон мал түшкөндө дагы арзандайт"

Быйылкы кургакчылык, ысык аба ырайы өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында ушундай көйгөйдү жаратты. Ысык-Көл облусунун тургуну, фермер Аманбек Алымкожоевдин айтымында, тоют кымбаттаганда эле базарда мал-жандыктын баасы жакшы болбой калат.

"Буканын эти 460, уй эти 420-430, кой эти 480, ал эми жылкы эти 480 сомдон базарга кирүүдө. Жылдагыга салыштырмалуу семиз жылкылар кымбат, 170-180 миңге чейин чыгууда. Ал эми бука жана кой - салмагына жараша. Мал жылдагыдан арзан болуп жатат. Себеби белгилүү эле - тоют таңкыс. Мисалы, торпок 10 миң сомго арзандады. Ушул тапта жайлоодон көп мал түшө элек, мал массалык түрдө түшкөндө баа мындан да төмөндөйт деп божомолдоп атам", - дейт

Айыл чарба министрлигинин 2022-жылда жүргүзгөн эсептөөлөрүнө ылайык, Кыргызстанда 1 млн 800 миңге чукул бодо мал бар, кой-эчкинин саны 6 миллиондон, ал эми жылкынын саны жарым миллиондон ашык.

Бул малды тоют менен камсыздоо үчүн жыл сайын 346 миң гектар жерге көп жылдык тоют өстүрүлөт. Өкмөт ушул тапта чет өлкөгө жем-чөп сатууга тыюу салууда. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, быйыл өлкөдө тоют былтыркыдан 30 пайызга аз камдалууда.

"Тоюттун бардык түрлөрүн экспорттоого чектөө киргизебиз, азыр токтом долбоорун даярдап койдук. Былтыр да ушундай чектөө койгонбуз. Ал эми Кыргызстанга импорттолуп келе турган тоюттарга жеңилдик берүү боюнча Экономика министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз".

Мындан сырткары, айыл чарба министри облустарга жем чыгаруучу заводдорду "Айыл банктын" каржылоосу менен курууну пландап жатканын, бирок ал бир жылда ишке ашпастыгын белгилеген.

Иллюстрация. Жумгалдын Кызарт айылы.
Иллюстрация. Жумгалдын Кызарт айылы.

Жалал-Абаддын Сузак районунда Абердин ангус деп аталуучу эт багытындагы бодо мал кармаган Кахар Эшкозуев ижарага алып иштеткен 23 гектар жерге салган каражаты өзүн актабай калчудай деп турат.

"Бир түк саман 170-180 сом, беде 300 сом болууда. Абалыбыз абдан кыйын. Мисалы, былтыр беде эң кымбат дегенде 200 сом болду эле. Ошондо деле кыйналганбыз. Күзгө чейин эми баа дагы көтөрүлөт. Жайытка жакын жерлерден да чөп оруп-жыйнап алчубуз. Азыр баары күйүп кетти, суу келбейт ал жерлерге, жаан жааган жок. Менин короомдо турган 105 баш бодо мал быйыл жайыттан эрте келет, августтан тарта кол карай баштайт. Бул жерде күздүк жайыт жок болгондуктан мал этинен түшүп кетеби деп коркуп турам. Бул эми элдин эле шору, башка арга да, айла да жок. Эгер чөп 300 сомдон ашпаса, тоют камдайм. Тоюттун баасы дагы кымбаттаса, малдын бир бөлүгүн сатууга туура келет. Биздин бийлик "мал көбөйдү" дегенге шылтоолоп атат, бирок аныгы андай эмес. Болгону жайытты, жерлерди колдонуу ирээтке келтирилген эмес. Мал багуунун чыгымы да кыйла көбөйдү. Ушундай көрүнүш улана берсе, эттин баасы миң сомду чапчып барат".

Жайыттар деградация болуп кетти

2010-жылы Кыргызстанда 660 миң баш бодо мал бар экени эсептелген. Азыр анын саны үч эсеге көбөйдү. Айыл чарба министрлиги кыргыз жайыттары үчүн бул сандар көп экенин, аларды тоют менен камсыздоо кыйла кыйын экенин айтып, чарбакерлерди асыл тукум мал багууга өтүүгө үндөп келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө 63 миң гектардан ашуун айдоо жерлери колдонулбай калууда. Айдоо жерлерди пайдаланбоонун негизги себептери - сугаттын жоктугу, кайрак, таштак, шор жана саздак жерлердин көптүгү, калктуу пункттардын кеңейиши. Өкмөт бул жерлерди кайра эксплуатацияга киргизүүгө аракет кылып келет. Бирок алардын канчасы кайра иштетиле баштаганы тууралуу так маалымат жок. Бул жерлердин колдонулбай калышы да тоюттун аздыгына себеп болуп жатканын айрым адистер белгилешүүдө.

Айыл чарба жаатындагы эксперт Төрөгул Бековдун пикиринде, өкмөттүн тоютту экспортко тыюу салуу тууралуу чечими абалды убактылуу жеңилдеткени менен, маселени чечпейт.

"Жайыттарыбызды максаттуу пайдаланууга убакыт келди. Азыр, мисалы, бул жерлер жайыт комитеттеринин колуна берилип, алар "жеке конторго" айланды. Комитет же мамлекетке карабайт, же жергиликтүү бийликке баш ийбейт. А бирок жер мамлекетке тиешелүү болгондуктан, көзөмөл дагы болушу зарыл. Жайыт жерлер айыл өкмөттөрүнө белгилүү бир шарттар менен өткөрүп берилсе жакшы болмок. Мисалы, карамагына тийген жайыт жерлерди жергиликтүү бийлик карап, көпүрөлөрүн салып, чабандарга шарт түзүп, мал жебеген чөптү жок кылып, жерди рационалдуу пайдаланууга жол ачып дегендей. Экинчи чечим - сууну рационалдуу колдонуу үчүн тамчылатып сугарууну максималдуу түрдө көбөйтүү зарыл. Анан эң башкысы - тоют өндүрүү же даярдоо менен алектенген мекемелерге шарт тузүп, жеңилдетилген насыя берели. Мына ушуну бизнес өкүлдөрү колго алса, жемишин бат эле көрөбүз".

Жайыт ээлеп турган 9 млн гектар жердин 240 миңи деградация болгон. Быйылкы жылдан тарта аларды кайра иштетүү үчүн Орусиядан үрөн алынып, эксперименталдык аянттарга себилген. Эми жаздан тарта жайытка делген чөптүн уруктары алыскы жайлоолорго себилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG