Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

"Биргелешкен стратегия зарыл". Коңшуларды кыйнаган суу көйгөйү


Таластагы Киров суу сактагычы. 24-август, 2023-жыл
Таластагы Киров суу сактагычы. 24-август, 2023-жыл

Августтун башында Кыргызстан кургачылыктан улам Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйканчылык райондоруна кошумча көлөмдө суу бере албай калды. Буга улай эле Астана чек арага чектөө киргизип, бир аптадай кыргызстандык жүк тарткан унаалардын кириш-чыгышы кыйындады.

Эксперттер муну Борбор Азиядагы суу ресурстарынан улам жаралган чыңалуунун бир мисалы катары кароодо. Климаттын тез өзгөрүп баратканын эске алганда, Борбор Азиядагы сууга байланыштуу чыңалууну алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Талас дарыясында суу аз

Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү. Казакстан сугат суу жетишсиздигинен улам 13 райондо өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

"Азаттыктын" кабарчылары тарткан сүрөттөрдө Казакстандын түштүк аймактарын сугат суу менен камсыз кылган Киров суу сактагычында суунун жетишсиздигин көрүүгө болот.
"Азаттыктын" кабарчылары тарткан сүрөттөрдө Казакстандын түштүк аймактарын сугат суу менен камсыз кылган Киров суу сактагычында суунун жетишсиздигин көрүүгө болот.

Киров суу сактагычы башкармалыгынын башчысы Шыгай Момуналиевдин айтымында, ушу тапта суу сактагычта болгону 10-14 млн куб суу бар. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 10 эсе аз. Былтыр ушул учурда бассейинде 100 млн куб суу болгон.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн метр куб суу батат. Расмий маалыматка караганда, суу сактагычта суу эң көп топтолгон убак 2016-жылга туш келип, анда 500 миллиондон ашык метр куб суу топтолгон. Киров суу сактагычына топтолгон жалпы суунун дээрлик 80% Казакстанга кетет.

Ал эми Таластын Манас району суунун 20% колдонот. Казакстан сууну алган үчүн кенемте катары Киров суу сактагычында жыл сайын ремонтоо иштерин жүргүзөт.

Шыгай Момуналиев
Шыгай Момуналиев

"Казакстан Республикасы жыл сайын келип ремонт иштерин жасап кетет. Тендерди өздөрү өткөрөт ошол жактан. Биз алар менен биргеликте кайсы жерлерди оңдоо керектиги тууралуу акт түзөбүз. Ошонун негизинде келип, ремонт кылып кетишет. Бизде Чүй жана Талас суу чарба комиссиясы деген бар. Жалпы баарына жылына 120 млн теңге каралат. Анан канчасы Орто-Токойго, канчасы Кировго же каналдарга бөлүнөрүн комиссия чечет", - деди Киров суу сактагычы башкармалыгынын башчысы Шыгай Момуналиев.

Киров суу сактагычына Талас дарыясы куят. Ал эми дарыяга жалпысынан 6-7 өзөндүн суусу келип кошулат. Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болот Батыркулов белгилегендей, акыркы жылдары Талас дарыясынын өзүндө суу аз болууда.

"2014-жылы акыркы 20-30 жыл ичиндеги суу эң аз жылдардан болду. Быйыл өзүбүздөгү сандарды салыштырсак, тоодон эрип келген суунун көлөмү 2023-жылы 2014-жылга караганда суу 2-2,5 эсе аз болду. Ошондуктан ушундай кырдаал түзүлдү".

Быйыл жаан-чачын жаабай, мөңгүлөр жылдагыдан кеч эриген. Ошондон Талас дарыясында суу аз болуп, Талас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорун сугат үчүн сууну кезектешип алууга аргасыз кылды. Сугат башталгандан тарта Киров суу сактагычына келген суунун көлөмү кескин азайды дейт жергиликтүүлөр.

Киров суу сактагычы. 24-август, 2023-жыл.
Киров суу сактагычы. 24-август, 2023-жыл.

"Казакстанга маалымат берип турганбыз"

Кировдо суунун аз болгону Манас районундагы дыйкандар менен катар коңшу Казакстандын Жамбыл облусундагы дыйкандарды да бир топ чыгымга учуратты.

Жамбылдын Байзак айылынын тургуну Аманбай Жумабаев 80 сотых жерди ижарага алып жер-жемиштин түрүн олтургузган. Кыргызстан Киров суу сактагычы аркылуу суу берүүнү токтоткондон бери жашылчаларына суу жетпей күйүп баратат. Казак өкмөтү ушундай болорун билгенде эртерээк эскертсе болмок дейт.

"Башында биз урук ала электе же талаага себе электе айтканда биз экпейт элек да. Бизге айткан жок да. Суу жок болот десе сээп эмне кылабыз? Канча чыгым кетти. Насыя да алган элек".

Жамбылдык дыйкан Аманбай Жумабаевдин помидор талаасы. 24-август, 2023-жыл
Жамбылдык дыйкан Аманбай Жумабаевдин помидор талаасы. 24-август, 2023-жыл

Ошондой эле Манас районунун дыйкандары да суу азабын тартып, чыгымга дуушар болгонун байма-бай айтууда. Мындан улам дыйкандар кийинки жылдары суу көйгөйү кандай болот деп чочулап турушат.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин башчысы Алмазбек Сокеев 23-августта журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "Кыргызстан келишимде көрсөтүлгөн бардык талапты аткарган, Казакстан протоколдун негизинде лимиттеги сууну алып бүткөн жана казак кесиптештери суу боюнча Кыргызстанга дооматы жок" деп билдирген. Ал ошондой эле жыл башынан бери Киров суу сактагычында суу аз топтолуп жатканын казак кесиптештерине бир нече жолу маалымат бергенин айткан.

Таластагы мөңгүлөрдүн тең жарымы кыскарган.

Мөңгү боюнча адис, эколог Рыскул Усубалиев Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту изилдеп чыкканын айтууда. Анын жыйынтыгы менен Талас тоолорундагы мөңгүлөр дээрлик 50% кыскарганын байкаган.

Рыскул Усубалиев.
Рыскул Усубалиев.

"Кыргызстан боюнча Таластагы мөңгүлөрдүн саны дээрлик 50% кыскарып кеткен. Себеби, климаттын жылышы, анан Таластагы тоолор жапыз жайгашкан. Ошондуктан бат эле эрип кеткен. Кыргызстанда мөңгүлөрдүн көп эриши Таласта байкалган. Ал эми божомол мындай. Биз мөңгүлөргө басым жасабашыбыз керек. Анткени мөңгүлөрдүн 50% кыскарып кеткенине байланыштуу ал жактагы суунун запасы жаан-чачынга, карга көз каранды. Эгерде келерки жылы кыш мезгилинде кар көп жааса, Киров суу сактагычында сунун запасы көбүрөөк болот. Ал жакта мөңгүлөр анча көп роль ойнобой калды".

Ал эми Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болот Батыркулов дагы кийинки жылы кургакчылык болуп калышы мүмкүн экенин айтып жатат.

"Толук мүмкүн. Окумуштуулар дагы айтып жатат. Айрым жамгыр жаабаган жерлерге жамгыр жаап жатат. Бизде, мисалы, 4-5 жолу жамгыр жаачу эле. Быйыл бир тамчы жамгыр болгон жок. Климат өзгөрүп жатат. Кийинки жылы да суу аз болуп калышы толук мүмкүн".

Ал арада август айында Кыргызстан келишимдеги лимиттин бүткөнүнө жана быйыл суунун аздыгына байланыштуу Киров суу сактагычы аркылуу Казакстанга суу берүүнү токтоткондон кийин кыргыз-казак чек араларындагы "Ак-Тилек", Кең-Булуң жана Чоң-Капка өткөрмө бекеттериндеги унаалардын кезеги 20-августтан бери байкала баштаган. Кыргыз коомчулугу муну суу маселесине байланыштырган. Бирок казак бийлиги “эч кандай чектөө жок” деген жүйөнү карманып, мыйзамсыз иштерге каршы чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн куб метр суу батат. Сүрөт 2023-жылдын август айында тартылган.
1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн куб метр суу батат. Сүрөт 2023-жылдын август айында тартылган.

Кыргызстандын Экономика министрлиги болсо чек арадагы абал үчүн казак тарапты айыптаган.

Ошентип, кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын тыгыны Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшыргандан кийин 29-августта азайгандай көрүндү.

Суу чатагын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Эл аралык маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул кошуна өлкөлөр суу чырын алдын алуу үчүн мамлекеттер аралык келишимдерди кайра карап чыгуу керек деген пикирде.

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

"Азыр мамлекеттик келишимдерди жаңылаш керек болуп атат. Анткени Борбор Азия мамлекеттери дагы эле 90-жылдары түзүлгөн келишимдерди улантабыз деген практика менен жүрүшөт. Бирок дүйнө өзгөрүп жатат, климат өзгөрүп жатат, ресуртардын масштабы азайып, тартыш болууда. Сапаты да төмөндөдү. Менимче, укуктук базаны жаңылап, жаңы келишимдерди түзүш керек. Экинчиден, практикалык механизмдер керек. Сууну үнөмдөй турган жаңы технологияларды колдонуу керек. Ар бир мамлекет аракеттерин кылып келатат. Мисалы, акчалуу мамлекеттер - Казакстан менен Өзбекстан ошол технологияны жайылтканга аракет кылып жүрөт. Бизде ал технологиялар чоң масштабда кире элек. Азыр бул маселени бир канча мамлеттерди аралап, чек аралар менен өткөн Амударыя жана Сырдарыяга тиешеси болгон мамлекеттер чогуу отуруп чечиши керек болуп атат. Азырынча андай аянтча жок, ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын алдыга түртүп келет".

Ал эми Кыргызстан география коомунун президенти, профессор Саламат Аламанов сууну пайдаланган мамлекеттер биргелешкен стратегия кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.

Саламат Аламанов
Саламат Аламанов

"Суу чыры өтө оорлошуп кетпеш үчүн сууну пайдалануучу мамлекеттер кандайдыр бир биргелешкен стратегияны түзүш керек. Катары менен суу аз болгон жылдары суу сактагычтарда суу топтолбой калганда кандай бөлүштүрүү керек деген принципиалдуу позицияны такташ керек. Суунун аз болушун болжолдоого болот. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрымдары сууну көп талап кылат, башкасына азыраак керек. Суу аз болору болжолдонгондон кийин айдоо аянттарын кыскарта туруш керек же сууну аз талап кылуучу өсүмдүктөрдү айдаш керек. Такталган, илимий дилилденген жолдор сунушталып эле келет, ошолорду гана пайдалануу абзел".

"Суу боюнча көйгөй курчуй берет..."

Борбор Азиядагы суу көйгөйү биринчи жолу чыңалып жаткан жок. Бирок 2016-жылы Өзбекстандын башчылыгына Шавкат Мирзиёев келгенден кийин жагдай жакшыргандай көрүнгөн. Ал эми маркум президент Ислам Каримов болсо суу боюнча маселелерде курч сүйлөп, атүгүл чек арадагы суу маселеси согушка айланып кетиши мүмкүн экенин айткан.

Аймактагы суу көйгөйү быйыл чегине жетип, айыл чарбасын чыгымга учуратканы турат.

Ошол эле учурда Мирзиёевдин администрациясы Амударыя жана Сырдарыяда суунун деңгээли 10-20% кыскара турганын боолголоп, сууну үнөмдөө боюнча өзгөчө кырдаал киргизген жарлык чыгарган.

"Чек арасыз дарыялар" коалициясы коомдук уюмунун координатору Евгений Симонов "Азаттыктын" казак кызматына курган маегинде, мурдатан мерчемделген суулар тоодон келбей калганын айткан.

"Жылдын биринчи жарымында Борбор Азия өлкөлөрү ушундай кургакчылыкта сууну көп сарптады окшойт. Көбүнчө суу жетишпей калган учурда кошуналар ортосунда ушундай чыңалуулар болот. Аларды чечүүнүн жолдорун карагысы келбейт".

Жылдан жылга суу көйгөйү курчуп бараткан Борбор Азияда суу кырдаалын жөнгө салуу үчүн Ооганстан менен сүйлөшүү оор болорун адистер белгилешет. Анткени 2022-жылдын башында бийликте турган Талибан өлкө түндүгүнө чоң канал куруу долбоорун сунуштаган.

Канал Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат. Канал Өзбекстан менен кызматташтыкта курулары айтылган менен өзбек бийлиги сарсанаа болууда. Анткени каналды курууда өткөн кылымдын технологиясы колдонулуп жатат, мындан улам суунун дээрлик жарымы максатына жетпей чөлдө жок болот деп божомолдошкон.

Суу кескин азайды. Кировдогу азыркы абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG