Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздоо бөлүгү орто эсеп менен 38% жогорулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Бул үчүн 3,9 млрд сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орто эсеп менен 1692 сомго көп.

"Мында жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот", - деп айтылат маалыматта.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, эгерде пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын үч айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду түзөт. Муну менен пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат.

30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси каралып жатканы, кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсеби жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Быйыл июлда Социалдык фонду пенсиянын камсыздоо бөлүгүн 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйтүүнү сунуштаган. Министрлер кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган долбоорунда "буга айлык акы жана керектөөчү баалар индексинин өскөнү негиз болгону" жазылган.

Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки пенсия алат.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG