Кытай Ооганстанда талибдер бийликти басып алгандан бери расмий түрдө жаңы элчи дайындаган биринчи мамлекет болуп калды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты. Кытай элчиси Кабулдагы расмий иш-чарада “Талибан” өкмөтүнүн премьер-министрине ишеним грамотасын тапшырды. Ошол эле маалда агенттик "элчинин дайындалышы Кытайдын талибдердин өкмөтүн расмий тааныганынын белгисиби же жокпу, азырынча белгисиз экенин" жазды.
"Бул Кытайдын Ооганстандагы элчисинин кадимки ротациясы жана Кытай менен Ооганстандын ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга багытталган. Кытайдын Ооганстанга карата саясаты так жана ыраатту", - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.
Бул 2021-жылдын августунда талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан бери чет мамлекет элчи дайындаган биринчи учур. Эки жылдан бери талибдердин өкмөтүн дүйнөнүн бир дагы өлкөсү расмий тааный элек.
"Талибан" кыймылы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө "террористтик уюм" катары таанылган.